Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын тургундары менен 26-майда жолугушу учурунда элдин маселесин укту. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Бостон айылына расмий статус берүү маселесин көтөрүштү.
Жергиликтүү тургундун айтымында, айылда учурда 300дөн ашык кожолук жашайт, бирок расмий статус жок болгондуктан, ФАП жана мини-футбол аянтчасын куруу мүмкүн болбой келет.