Сузак районуна караштуу Сузак айылын тургуну Зыяш Хажиматов алыскы жайлоолорду аюу мал жандыктарга тийип, жайлоочулардын шайын алып жатканын айтып чыкты. Ал сузак районундагы Кызыл-Суу жайлоосуна элдин мал жандыгын алып чыгат. Андагы жайлоого чыккандар акыркы 3 жылдан бери мал жандыктарын аюуга алдырып жатышат.