Чүйдө акыркы жарым жылда карылар үйүнөн 3 карыя көчөгө чыгып калды

turmush
Скачать
Просмотров: 70
 
Опубликовано 19 Мая 2026, 13:41

Бүгүн, 19-майда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев Кант шаарынын тургундары менен жолугушууда.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, мамлекеттик райондук администрация башчыларынын, прокуратура, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургуну Руслан Шеримбеков Чүйдө акыркы жарым жылда карылар үйүнөн 3 карыя көчөгө чыгып калганын билдирди.