Ошто котлованга кулап түшкөн миксер боюнча «Бест Хаус» компаниясына ири айып пул салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 135
 
Опубликовано 18 Мая 2026, 16:20

Ош шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон ташуучу унаа (миксер) котлованга оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Ашимахунов көчөсүндө орун алган. Ал жерде Ош шаарынын мэриясынын муниципиалдык ипотека компаниясынын көп кабаттуу үйдүн курулушуна келген бетон ташуучу унаа маневр жасап жатып, четиндеги казылган котлованга оодарылып кеткен. Ал казылган жер тилкесинде Ош мэриясынын демилгеси жана чет элдик инвесторлор тарабынан «OXFORD» мектебинин курулушу башталган.