Чүйдөгү мугалим бала бакчага акылдуу меш сатып берүүнү суранды

turmush
Скачать
Просмотров: 11
 
Опубликовано 14 Мая 2026, 20:40

Бүгүн, 14-майда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев Чүй районунун Султан Ибраимов, Кегети айыл аймагындагы тургундар менен жолугушту. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, мамлекеттик райондук администрация башчыларынын, прокуратура, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө англис тилчи мугалим, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси Мелис Осмоналиев бир нече көйгөй менен кайрылды.