115 электр мамычасы коюлуп, ошонун 75ине электр чубалгылары тартылбай турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-май күнү Керме-Тоо МАБынын жашоочулары менен мэрдин жолугушуусунда аталган МАБдын №7 кварталынын тургуну билдирди.
Анын айтымында, мурдагы мэрдин тушунда аталган кварталга 115 электр мамычалары орнотулуп, анын көбүнө чубалгылар тартылбай турат.