Ош облсунун Алай районунун Гүлчө шаарында 28-апрелде жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда аймакта тазалоо иштерине жалпы 543 кызматкер, 44 техника жана 10 мотопомпа тартылып, күч-каражаттар жетиштүү.
29-апрель саат 12:00гө карата 8 жер төлө жана 45 короо сел калдыктарынан толук тазаланып бүтүп, калыбына келтирүү иштери уланууда.