Ош шаарында жол жээктерине жаңы урналар орнотулууда. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан Исанов көчөсүндө (Студенттер шаарчасында) жаңы урналар коюла баштады. Буга чейин эскилиги жеткен урналар алынып салынган.