Кант шаарындагы рейдде 15 өспүрүм милицияга жеткирилди

turmush
Скачать
Просмотров: 9
 
Опубликовано 6 Марта 2026, 15:29

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында өспүрүмдөргө карата рейд өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Кант шаарынын мэриясы тарабынан Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын, социалдык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү мекемелер менен биргеликте «Өспүрүм түн» аттуу рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 15 жашы жете элек өспүрүм райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул факты боюнча алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.