Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан ифтар базарда эскирип кеткен эт азыктары сатылып жатканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарады. Видеодо бышырылган малдын тили көгөрүп кеткендиги, ошондой эле катык жана килкилдекке (холодец) желатин кошулмалары кошулуп сатылып жатканы айтылган. Шаар тургундары мындай көрүнүшкө нааразычылык билдиришүүдө.