Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда мал жандыктары өлүп жаткандыгынын себептери айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын инспектору Темирбек Сатыналиевдин айтымында, учурда ветеринарлар аталган жайлоого барып, өлгөн малдарды союп, кароо жүргүзүшкөндүгүн, жыйынтыгында маалдарда эч кандай жугуштуу оорулардын белгилери жок экендигин, бирок козулардын ичегилеринен манезиоз курту чыккандыгын, ал эми эчкилердин өпкөлөрүнө суук тийип сириңдеп кеткендигин, көбүн эсе уу чөптөн өлүп жаткандыгын жана эдельвейс чөбүнүн гүлдөрү кебез болуп, малдын жумуруна туруп калып өлүп жаткандыгына күбө болушкандыгын билдиришти.
"Биз учурда, тиешелүү адистер жана жетекчи менен биргеликте Соң-Көл жайлоосунда жүрөбүз. Ветеринарлар 2025-жылдын 10-июлунан бери жеринен келип иш алып барып келебиз. Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылынын 2 бадачысынын короосунан эчкилердин өлүп жаткандыгы чындык. Бирок, эч кандай жугуштуу ооруга шектелген жок. Өлгөн эчкилерди жана козуларды союп, клиникалык байкоо жүргүзүп көргөндө козулардын ичегилеринен манезиоз курту чыккан. Ал эми эчкилердин өпкөлөрүнө суук тийип сириңдеп кеткен. Көбүн эсе уу чөптөн өлүп жаткандыгы маалым болду. Мындан тышкары, эдельвейс чөбүнүн гүлдөрү кебез болуп, малдын жумуруна туруп калып, өлүп жаткандыгына күбө болдук. Эки короо тең жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмделген. Айыл өкмөт башчысына өлүктөрдү көмдүрүү боюнча кат жүзүндө тапшырмалар берилген. Ошого карабастан техникага шылтоолоп көмүү иштери жүргүзүлбөй жатат. Азыр ошол жерге келип көмдүрүү иштерин уюштуруп жатабыз", - деди Темирбек Сатыналиев.
--
Отправлено из Mail для Android