Ак-Талаа; Орто-Сырттан 3 бөлтүрүк тайгандар менен алынды

turmush
Скачать
Просмотров: 1944
 
Опубликовано 15 Июля 2025, 17:25

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Орто-Сырт жайлоосунан тайгандары менен 3 бөлтүрүк кармады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Терек айылынын тургуну Талант Боталиевдин айтымында, бүгүн 15-июль күнү Баетов айылынын тургуну Канатбек Матанов жана башка 5-6 адам аталган жайлоодон малдарын карап жүрүп Түз-Талаа чөлкөмүнөн чоңоюп калган 3 бөлтүрүк көрүшүп, тайгандары менен кубалап жүрүп кармап алышкан.

--
Отправлено из Mail для Android