Кара-Сууда жүк ташыган унаа катышкан кырсыктан 5 адам каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 20955
 
Опубликовано 24 Июня 2022, 13:39

Ош облусунда жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсык боюнча маалыматтар такталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө «HOWO» үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган. Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.