Кечээ, 4-август күнү жааган жамгырдан улам Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Алман-Кол жылгасынан сел кетип, Баш-Булак айылындагы сай аркылуу Мады айылына барган сел сайдын жээгинде курулган балык бышыруучу жайдын адамдар отуруучу 2 тапчанын, форель балыктарынын бир тобун агызып кеткен.