Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова (28 жашта) Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн болгон беттеште 3:4 эсебинде утулду. Анын атаандашы — япониялык Юкако Каваи (23 жашта). Экөө буга чейин килем үстүндө 3 жолу кездешкен.
Айсулуу Тыныбекованын күйөрмандары Кочкор районунун борборундагы «Чолпон» кинотеатрына чогулуп, анын финалдык беттешине күбө болушту.