«Айсулуу биз үчүн чемпион»: Финал учурундагы кочкорлук жердештеринин эмоциясы

turmush
Скачать
Просмотров: 1250
 
Опубликовано 4 Августа 2021, 19:05

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова (28 жашта) Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын медаль үчүн болгон беттеште 3:4 эсебинде утулду. Анын атаандашы — япониялык Юкако Каваи (23 жашта). Экөө буга чейин килем үстүндө 3 жолу кездешкен.

Айсулуу Тыныбекованын күйөрмандары Кочкор районунун борборундагы «Чолпон» кинотеатрына чогулуп, анын финалдык беттешине күбө болушту. Алардын арасында Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев да болду.

«Айсулууга ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чоң белек тартуулады. Ошондуктан Айсулууга ден соолук, ийгилик каалайм. Айсулуу биз үчүн чемпион. Ушундай кызды тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык билдирем. Биз Айсулуу менен сыймыктанабыз», - деди аким.