"Ак-Талаадан Баткенге жардам" акциясы өткөрүлүп жатат.

turmush
Скачать
Просмотров: 359
 
Опубликовано 5 Мая 2021, 12:41

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Ак-Талаадан Баткенге жардам!" акциясы уюштурулуп, эл тарабынан акча каражаттар чогулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен жергесинде болгон каргашалуу окуяга байланыштуу окуяда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүү максатында жалпы акция колго алынды.

Акция башталгандан бери Бишкек шаарында жашаган жашоочулар тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 68 982 сом чогулган болсо, ал эми кечээ 4-май күнү Баетов айылынын Борбордун аянтында өткөн 3 сааттык акцияда 60 398 миң топтолду.

Ал эми акимдин орун басары Кенжегүл Карагулованын айтымында, райондук мекеме-ишкана, мектеп жана бала бакчаларда иштеген кызматкерлер 1 күндүк эмгек акысын чогултуп беришүүдө. Ушул күнгө чейин жалпы 275 876 сом чогулган болсо, мунун ичинен Баткенде ачылган атайын эсепке 171 850 которулуп берилген. Мындан тышкары, ун алып жөнөтүүгө 52 миң сом каражат чогултулгандыгы маалым болду.

Жалпы 456 666 сом каражат чогулганы маалым болду. Акция 7-май жума күнүнө чейин улантылат. Акцияга маданият үйүнүн өнөрпоздору жардам берүүдө.