Элеттик акын Сагынбай Оруналиевдин эмгектери

turmush
Скачать
Просмотров: 267
 
Опубликовано 27 Ноября 2020, 22:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын ардагери, акын, комузчу жана тарыхчы Сагынбай Оруналиев менен аймактык кабарчы маектешти.

Сагынбай Оруналиев 1950-жылы 16-май күнү Баетов айылынын Ичке-Суу чөлкөмүндө төрөлгөн. 1958-1968-жылдары орто мектепти аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун Ак-Талаа райондук резервдик дизель-электр станциясында айдоочу, 1970-1971-жылдары райондук капиталдык курулуш бөлүмүндө инженер-технадзор, 1971-1973-жылдары советтик армияда аскердик милдетин өтөгөн. 1973-1976-жылдары мамлекеттик мекемелерде жооптуу кызматтарды аркалаган. 1977-1980-жылдары Эл депутаттарынын Дөрбөлжүн айылдык советинин аткаруу комитетинде катчылык кызматында иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан окуп бүтүргөн соң, 1980-жылдан тарта 2007-жылга чейин Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде окуу бөлүм башчысы тарых мугалими болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Акындын байбичеси Орозбүбү Шаршекеева өмүрүнүн аягына чейин мугалим болуп эмгектенген. 1 уул 5 кыздын атасы. 13 небереси бар.

Элүү жашында эргүү алган акын...

- Чыгармачылыкка 50 жашымдан тарта чындап кирип кеттим. Кагаз-калем кармамайынча тура албай калган күндөрүм болду. Негизинен, бала кезимде ыр жаза коймоюм бар болчу. Союз учурунда, кодхоздо айткандай иш-чараларда "Оруналынын уулун ырдаталы" дешип, чакырып алып, ырдата беришчү. Ал кезде баласың. Уялбайсың, тартынбайсың дегендей. Мени "бала ырчы" деп коюшчу. Жаш кезде майрамдык күндөргө, кимдир бирөөлөргө же "бул кызды же тиги кызды сүйүп каласың" дегендей... кыздарга арнап жазган ырларым бар эле. Ырларды бир дептерге жазып топтоп жүргөн элем. Мен үйлөнгөндө "колуктусу көрүп калса жаман ойдо калат" деп эжем жоготуп коюптур. Ошентип дептеримөи таппай калдым.

Элеттик акындын эмгектери...

- Бүгүнкү учурда 10 китептин автору болууга жетиштим. Мындан башка дагы 13 китеп боло турчу ырлар жыйнагым даяр турат. Бирок, каражаттын жоктугунан улам чыгара албай турам. Буга чейин байбичем демөөрчү болуп жүрчү. Ал кишинин көзү өтүп кеткенине 3 жылдын жүзү болду.
Жазуучулар союзуна мүчө болом деп ойлогон эмесмин. Ага деле өтүш кыйын экен. 10 жыл убара тартып жүрдүм.

Чыгармачылыгына райондук, облусттук же республикалык деңгээлде көңүл бурулбаса дагы өз аракети менен 10 ырлар жыйнагын автору болууга жетише алган элеттик акын С.Оруналиев ыр гана жазбастан кези келгенде обон чыгарып, комуз чертип, ырдап, санжыра айтып, коомдук иштерге жигердүү катышат. Ошентсе дагы, Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун жана Терек айылынын "Ардактуу атуулу" наамы, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райондук жана облусттук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталарына ээ болгон. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин "Эл агартуунун мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.