Ошто башкаруусун жоготкон оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 949
 
Опубликовано 27 Ноября 2020, 16:19

Кечээ, 26-ноябрь күнү Ош шаарынын Турсунбаева көчөсү менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.


Алардын айтымына караганда, унаада айдоочу жалгыз болгон. Ал уктап кеткен же мас абалда болгон. Анткени өзүнүн түз бараткан башкаруусун жоготуп оодарылып кеткен.

Окуя кечээ, саат 22:40 чамасында , 21 жаштагы айдоочу жук ташуучу унааны башкарып баратып, өз башкаруусун жоготуп кырсыкка учураган. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

2020-жылдын 26-ноябрь күнү саат 22:40 чамасында Ош шаарынын поезд жолдон өткөндөн кийин Мерседенс Бенс үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы жолдо баратып оодарылып кеткен. Айдоочу ролду башкара албай кырсык жасаган. Жыйынтыгында окуя боюнча Ош ШИИБке каттоого катталып, 21 жаштагы айдоочу Н. Н га 127-берене 2-бөлүмү боюнча бузуулар кодексинин негизинде 5 миң 500 сом айып салынып, бузуулар жөнүндө түзүлгөн протоколго айдоочу кол коюп кеткен. Учурда айдоочунун абалы жакшы. Башка жабырланган жарандар жок.