Социалдык тармактын Нургул Ырысбаева аттуу колдонуучусу Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 5-октябрь күнү түнкү саат 00:00дор чамасында иниси И.Нди топ балдар уруп койгонун, анын кесепетинен иниси оорукана жатканын жазган. Инисин урганга шектүүлөр Казакстандын чек арасынан кармалып, учурда Ош шаарындагы жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 мекемисинде кармалып жатканын ачыктаган.