Кочкордун алыскы Жалак-Бел жайлоосуна кар жаады  

turmush
Скачать
Просмотров: 2685
 
Опубликовано 20 Сентября 2020, 19:20

Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө караштуу алыскы Кара-Саз өрөөнүндөгү Жалак-Бел жайлоосуна 10 сантиметр калыңдыкта кар жаады.

Малчылар учурда Кош-Дөбө айыл аймагындагы  эгин аянттары чабылып бүтүшүн күтүп жатышат. Жалак-Бел жайлоосу 3300 метр бийиктикте жайгашып, кышкысын малчылар кыштабайт. Кээ учурларда жайкысын кар жааган учурлар болот.

Белгилей кетсек, Кош-Дөбө айыл аймагында учурда сырттан үч комбайн алынып келинген. Азыр өздөрүнүн эки комбайны кошулуп, дан эгиндерин чабуу кызуу жүрүүдө. Ушул мезгилге чейин дан эгиндеринин 80 пайыздан ашыгы чабылып калды.