Ак-Талаа районуна кубанычтуу кабар таратылды. Дарыгерлер эмне дейт?

turmush
Скачать
Просмотров: 1452
 
Опубликовано 30 Мая 2020, 20:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда коронавирус илдетине чалдыккан 5 адам айыгып чыгып, үй карантинине чыгарылгандыгын аймактык оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 30-май күнү ак-талаалыктарга жана илдет жугуп изоляцияда жаткан 4 бейтапка сүйүнүчтүү кабар угузулду. Тактап айтканда аталган илдетке чалдыгып, райондук ооруканада дарыланып жаткан 4 жаран 30-май күнү жана Нарын облусттук бириктирилген ооруканасында жаткан 28-май күнү анализдери таза чыгып, ооруканадан чыгарылды.

"Ооруканада жаткан жарандарыбыздан 2 жолу ПЧР анализи алынып, жыйынтыгында таза (отрицательный) чыккандыгына байланыштуу үй карантинине чыгарылды. Аларга жугуштуу ооруларга каршы тиешелүү дары-дармектер берилди. Кыргызстанда COVID-19 илдети башталгандан бери баардык медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Бугүнкү чейин биздин ооруканада 20 жаран дарыланып, мунун ичинен 4 адам үйүнө чыгарылды. Булардын ичинен 14 жашка чейинки балдардан 10, 15 жаштан 60 жашка чейинки 9 жаран жана 80 жаштан жогорку 1 жараныбыз дарыланууда. Сакайып чыккандарга ишкер Мурат Аянов тарабынан заык-түлүк тапшырылды", - деди Г.Чолпонбаева.

Ал эми райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жаркын Бообекова жалпы 9 ак-талаалык жаран үйунө чыгарылгандыгын кошумчалады.

"Аталган илдетке чалдыгып, райондук ооруканад жаткан 4 адам жана Нарын облусттук бириктирилген ооруканада жаткан 1 адам дарыланып үйунө жиберилди. Ал эми булар менен байланышта болуп, обсервацияда жаткан 4 адам дагы үйүнө чыгарылды. Ооруканадан чыккан жарандарыбыз 14 күн үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деди Ж.Бообекова.

Учурда бейтаптардын өмүрүн сактап калууга үзгүлтүксуз аракеттерди көрүп, тынымсыз иштеп жаткан дарыгерлер жергиликтүү тургундарды өздүк гигиенаны сактоого, топтолуп жүрбөөгө, көчөгө чебепсиз чыкпоого, беткап тагынууга, антисептик аражаттарын колдонуп жүрүугө жана ар кандай социалдык желелерде "коронавирус жок, жалган" деп айтылып жаткан чакырыктарга ишенбөөгө чакырышты.