Залина Үмөталиева төрөт учурунда комага түшүп калган. Андан кийин башына операция жасалып, учурда үйүндө багылып жатат.
Ал 1983-жылы 26-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында төрөлгөн.
Жакында эле анын жакындары чогулуп, Залина Үмөталиеванын туулган күнүн белгилешти.
«Биз бир туугандары, бала-бакырабыз жана өзүнүн үч уулу, бир кызы болуп анын көңүлүн көтөрүп коелу дедик. Атайын торт жасатып, шам үйлөттүк. Жаткан керебетинин тегерегине шар байлап, туулган күндүн шаан-шөкөтүн бир аз жасадык. Албетте ал баарын көрүп, түшүнүп, кичине кубангансыды. Балдарынын улуусу Рейна 15 жашта, уулу Нурсултан 13 жашта, Бексултан 7 жашта болсо, эң кичүүсү Нурэл 1 жаш 3 ай болду.