Айыл турмушу: Лейлектик А.Сатаров алма бак өстүрүп, багбанчылык менен алектенүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 291
 
Опубликовано 11 Ноября 2019, 15:52

Лейлек районунун Катраң айылынын тургуну Асылбек Сатаров алма бак өстүрүп, багбанчылык менен алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда багбан алма терип жаткан кези. Ар бир алманы кылдаттык менен терип аны жазга чейин сапатын жоготпой сактаганга аракет кылат. Анткени алма анын негизги киреше булагы. Түшүм атайын алма сакталуучу жайда сакталат. Аны жергиликтүүлөр алмакана деп коюшат. Алмакана атайын казылган жердин астында болот. Тереңдиги 2 метрден ашык казылган жерге жыйналган алманы сорту менен тизип коюшат.
«Бул атам салып кеткен алмакана. Бул жерге 10 тоннага чейин алма батат. Биз бүгүнкү күндө алманын 5 түрүн сактап жатабыз», - деди ал.

Катраң айыл өкмөтүнүн инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Сейдахмат Бааповдун айтымында, айыл өкмөттө суу тартыш болгондуктан эл эгин аянтарга сууну аз талап кылуучу көп жылдык мөмөлүү дарактарды эгишкен. Алардын жалпы аянты 200 гектарды түзөт. Бүгүнкү күндө Катраң айылында эле 1000 тоннадай алма топтолгон. Анын 50% жергиликтүү багбандар жазга чейин сактап, анан ички базарларга жана сырттан келген соодагерлерге сатышат.