Нарында ителги уурдап бара жаткан адам колго түшүп, бирок качып кетүүгө үлгүрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 13444
 
Опубликовано 8 Ноября 2019, 17:20

Бүгүн, 8-ноябрда Кочкор районундагы Комсомол айылынан ителги уурдап бара жаткан адам колго түшүп, бирок качып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына Кочкор райондук мамэкотехинспекциянын кызматкери Рысбек Суранчиев билдирди.
Анын айтымында, түзүмдүн кызматкерлери бүгүн саат 10:50 чамасында мыйзамсыз түрдө ителги ташылып бара жаткан унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусунан тийиштүү документтерин сурап жаткан учурда ал качып кеткен. Экотехинспекциянын кызматкерлери кубалап жетпей калышкан. Азыркы учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.