Кандек менен кашкулактын кармашы

turmush
Скачать
Просмотров: 12210
 
Опубликовано 13 Октября 2019, 19:42

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылында кандек ит менен кашкулак жарым саатай алышып, акыры кандек жеңип чыккандыгын иттин ээси Азимжан Кедейкан уулу аймактык кабарчыга билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 13-октябрь күнү А.Кедейкан уулу кой кайтарып жүрүп көпүрөнүн астына кире качкан кашкулак менен жанында ээрчип жүргөн кандегинин кармашына күбө болгондугун айтты.
"13-октябрь болчу. Кой кайтарып жүрүп жолдогу кичинекей көпүрөнүн астына бир нерсе кире качкандай болду. Анын артынан арсылдап үрүп жанымдагы кичинекей кандек итим кошо кирип кетти. Башында кашкулак экенин деле билген эмесмин. Белгисиз жаныбар менен кандегим жарым сааттай көпүрөнүн астында кармашып жатышты. Бир маалда желкесинен тиштеп сыртка сүйрөп чыкты. Карасак кашкулак экен. Негизи анча-мынча чоң иттер дагы кашкулакка кол сала албайт. Муну көргөн бир байке айтат "менин килейген 2 итим бир кашкулакты ала албай койгон" деп. Анан калса дагы килейген кашкулак экен. Билбейм Кабылан аттуу кандегим чын эле кабыландай эле окшойт", - деди А.Кедейкан уулу.
Андан сырткары, кашкулактын эти көптөгөн ооруларга дары экендигин белгилеп өттү.