Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам маалымат алынган. Ал маалыматка караганда Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну 1991-жылы туулган Аваз уулу Жолдошбай жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүлүп коюлгандыгы тууралуу маалымат алышкан. Ал эми жакын туугандары сурагандарга маркумду «Россияга иштегени кеткен» деп маалымат берип турушкан. Алынган маалыматты тактоо, иликтөө иштеринен соӊ, кечээ 23-сентябрда адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын 1996-жылы туулган тургунун кармашты.