Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы «Наристе» балдар бакчасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгондугунун 30 жылдыгына карата «Тил билген — дил билет» аттуу салтанатту кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын директору Чолпон Сатарова билдирди.
Кечеге ортоңку, жогорку жана даярдоочу тайпанын тарбиялануучулары катышып, кыргыз тилинде так сүйлөө, ырдоо, бийлөө жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.