Прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген М.Калыковдун жакындары акцияга чыгышты

turmush
Скачать
Просмотров: 303
 
Опубликовано 16 Августа 2019, 18:30

Бүгүн, 16-августта Баткен шаарында прокурордун өлүмүнө шектелип камакта отурган Калыковдун жакындары, тарапташтары тынчтык акциясына чыгышты.

М.Калыковдун эжеси Дарыйка Калыкова Ош шаардык сотунун судьясына кылмыш иш козголгондугу жөнүндө маалымат берип, ал мындай шартта М.Калыковдун ишин кароодон четтелиши керектигин белгиледи.

Мелис Калыковдун жубайы Гүлбарчын Амирова күйөөсүнүн иши акыйкаттык менен каралбай жаткандыгын билдирди.

«Кылмыш иш козголгондон бери 9 ай ичинде тергөөчүгө 150 өтүнмө менен кайрылдык. Бирок анын ичинен 14 гана өтүнмөнү канааттандырып, 136 өтүнмөнү канааттандырган жок. Жолдошум ал соттун бул ишти кароосуна каршы болуп, ачкачылык жарыялаганына 10 күндөн ашты. Азыр абалы оор. Мен байланыша албай жатам. Кыргызстанда акыйкат барбы?», - деди ал.

Чогулгандар тергөөнүн акыйкат жүрүшүн талап кылышты.