Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кенинде жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 17-июлда Солтон-Сары алтын кенинде иш жүргүзүп жаткан Кытай компаниясында «Хово» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен
айдоочу ийининен жеңил жаракат алган.
Унаа жүк түшүрүп жатканда оодарылган. Учурда экскаватордун жардамы менен жыгылган унаа тургузулду.