«20 000 долларлык айгыр өлдү»: Суусамырдагы нааразачылык жана компаниянын жообу

turmush
Скачать
Просмотров: 8679
 
Опубликовано 17 Июля 2019, 13:56

Суусамыр өрөөнүндөгү айрым тургундар Кара-Булак участкасында алтын казып иштеткен компаниянын ишин токтотууну талап кылышууда. Алардын айтымында, бул иш экологияга терс таасирин тийгизип, алтын чайкалган суудан мал-жандыктар өлүп жатат. Бирок компания бул дооматтарды четке кагып келет.