Бишкектеги футбол мелдеште жеңүүчү болгон баткендик жигиттерди салтанаттуу тосуп алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 327
 
Опубликовано 24 Июня 2019, 13:49

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын жигиттери Бишкек шаарында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, чемпион жигиттер Баткенге бүгүн, 23-июнда кайтып келишти. Аларды Баткен шаарынан Кызыл-Бел айылын башчысы Абдилла Исаков баштаган айылдаштары, ата-энелери, достору салтанаттуу тосуп алышты. Футболчулар үчүн сый тамак уюштурулду.

Бул командандагы балдар Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектебин бүтүрүшкөн. Мектептеги 1999-2002-жылы төрөлгөн 7 бала окуучу кезинен эле футбол менен машыгып жүрүшкөн. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Окуудан кийин командадагы балдар чогулуп, футбол ойноп турушат.

Бул оюн марттын башында башталып, жеңүүчүлөр 22-июнда аныкталды. Ага 200гө жакын команда катышкан.