Кечээ, 23-июнь күнү Аламүдүн районуна караштуу «Теплые Ключи» эс алуу жайында 15 жаштагы кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, сууга Д.И аттуу кыз чөгүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, жергиликтүүлөрдөн 30 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылган. Аны издөө иштери бүгүн да улантылып жатат.