Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылында обончу К.Рыскуловдун бюсту орнотулду

turmush
Скачать
Просмотров: 1243
 
Опубликовано 23 Июня 2019, 23:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында обончу жана аткаруучу Калмурат Рыскуловдун бюсту орнотулуп, ачылыш аземи белгиленгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 23-июнь күнү аталган айылдын Бишкек шаарындагы тургуну Мирбек Райымовдун демилгеси жана демөөрчулүгү менен К. Рыскулов атындагы айылдык клубдун алдына обончунун бюсту тургузулду. Анын ачылыш аземине акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Токтобек Асаналиев, манасчы Рысбай Исаков, акын Мирлан Самыйкожо, айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов, обончунун достору, туугандары жана жергиликтүү тургундар катышты. Ачылыш аземдин жүрүшүндө К.Рыскуловго багышталып куран окулуп, анын өмурү чыгармачылык жолу туурасында баяндама жасалып, обончуга таандык чыгармалары аткарылды жана жергиликтүү тургундарга чакан концерттик программа тартууланды.
Андан сырткары, обончунун туугандары тарабынан айылдык клубга керектүү жабдыктар тапшырылса, ал эми бюсту орноткон Мирбек Райымовго айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин ыраазычылык каты ыйгарылды.

Маалымдама;

К.Рыскулов - 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Ал саяктын чоңчарык уруусунан чыккан. 1991-жылы орто мектептин аттестатына ээ болгондон кийин, Кыргыз улуттук университетине тапшырып, кошумча журналистика факультетинде да окуган. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин «Кыялды кантип тыямын» аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап, «Оо, анда көктөм эле», «Ат-Башым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Өкүт ыры», «Ата- Журт», «Кайран күкүк, кайран мен», «Боогачың сенин болоюн», «Адамдарга кайрылуу», «Издеп келем», «Канышай» жана башка 50гө жакын ырларга обон жараткан. 2004-жылы 23-июнда чыгармачылык кечесин өткөргөн соң дал ушул эле күнү жарык дүйнө менен кош айтышкан.