Бүгүн, 22-июнь күнү Талас шаарынын 75 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, иш-чара Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин алдында өттү. Ага жүздөгөн адамдар катышты. Келгендерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттукташты. Майрамдык иш-чара концерт менен коштолуп, ага катар эле «Талас шаары кечээ жана бүгүн» аттуу фотокөргөзмө уюштурулду.