Баткендик Бүүшарипа келиндерине торт жасоочу цех, дарыкана ачып берип, үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүп жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 961
 
Опубликовано 22 Июня 2019, 15:35

Баткен шаарынын тургуну Бүүшарипа Кадыралиеванын үй-бүлөсү торт жасап, дарыкана иштетип ишкерлик кылып жатат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Келини Айсалкын Султанованын айтымында, чакан цехте буйрутмалар менен торттор жасалат. Алар 250 сомдон 5000 сомго чейин бааланат.

«Торт жасоону 2007-2008-жылдары жолдошум менен Москвада кондитердик цехте иштеп жүрүп үйрөндүм. Ошол кезде Баткенге барып торт жасап сатсам деп кыялданчумун. Анткени ошол жылдары Баткенде торт жасаган кичи ишкана жок болчу. Баткенде айылда жашачубуз. Кайын энем бизди Баткен шаарына чакырып, кичи ишкана ачып берди. Алгач жумушту баштаганда кээ бир керектүү нерселер жок болгондуктан, Россиядан алдыртып жаттык. Кийин Бишкек, Ош шаарларынан ала баштадык.

Өзүм жогорку билимдүүмүн, бирок турмуш шартка байланыштуу ал кесибим менен иштеген жокмун. Мен бул үй-бүлөгө келин болгонума 18 жыл болду. 2 уул, 3 кызым бар», - деди Султанова.
Галерея: Кайын эне: Баткендик Бүүшарипа келиндерине торт жасоочу цех, дарыкана ачып берип, үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүп жатышат

Бул келини торт жасоо менен алектенсе, экинчи келинин атайын окутуп, ага дарыкана ачып берген.

«Мен ушул торт жасоочу цехти ачкандан кийин 2 келиним, 2 уулум, 4 кызым менен чогулуп дарыкана ачууну чечтик. Элдин баары эле жумуш издеп ар жактарга кетип жатышпайбы. Ал жакта кээ биринин жумушу жакшы болсо, кээ бириники болбой, ар кандай кырсыктарга да учурап келип жатышат. Чоң кызым Ош шаарында дарыкана иштетет. Ал жакта дарыкана көп экен. Анан ойлонуп Баткенге ачпайсыңбы деп сунуш киргиздим. Ошентип Баткенде ижарага жай алып, дарыкана ачты. Аны көрүп келиним Нуржанат да кызыкты. Аны атайын дарыканачынын окуусуна тапшырттык. Буйруса быйыл бүтөт. Келиндерим азыр жумуш менен камсыздалып, үй иштерине да, балдарын караганга да жетишип, киреше таап жатышат», - деди Бүүшарипа апа.

Кийинки келини Нуржанат Мырзакулова кесиби боюнча мугалим экенин бирок жумуш жок болгондуктан иштебей калгандыгын айтты. Дарыканачы болууга кайын эжеси түрткү болгон. Кайын атасы да мамлекеттик дарыканда 40 жыл иштеген. Аларды көрүп медицина тармагында элге жардам берүүнү чечкен. Ошентип дарыкана иштетип жатат.

Бул үй-бүлө айына 70 миң сомдон ашык киреше тапса, майрам күндөрү мындан да көп табышат. Бүүшарипа апа 2 уул, 4 кызды чоңойткон.