Калипа Жакыпова кымызды кайсы убакта ичүү пайдалуу болорун айтып берди

turmush
Скачать
Просмотров: 63
 
Опубликовано 20 Июня 2019, 11:10

Ат-Башыда учурда кымыз сезону. Бул маалда айрымдар кымыз сатуу менен алек. Алардын катарын толуктаган ат-башылык Калипа Жакыпова 9 жылдан бери кыргыз суусундугун сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

57 жаштагы Калипа Жакыпова Ат-Башы айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 2 эркек, 1 кызы, 7 небереси бар.

Учурда кымыздын 1 литри 80 сомдон болууда. Күз мезгилинде 35 сомго чейин түшөт.

«9 жылдан бери сезондо кымыз менен иштейм. Себеби балдарым, неберелериме кымыз сатып берчүмүн. Кымыз башталгандан үркөр чыккычакты кымыз ичирип койчумун. Иммунитетти көтөрөт, канды толтурат деген чын экен. Балдарым сасык тумоо болгондо жеңил өтүп кетчү.
Сиңдим бээ саайт, кымызыңды сатып берейин дегем. Ошону менен кымыз сатып калдым. Жайлоолорду кыдырып кымыз алып келебиз. 10-20 сом кошуп сатабыз. Кымыз көбөйгөндө арзан болот», - деди ал.