Кадамжайда дан эгиндерин жыйноо боюнча практикалык семинар өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 268
 
Опубликовано 14 Июня 2019, 12:49

Кечээ, 13-июнда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо боюнча практикалык семинар өттү.
Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, семинар буудай талаасында өтүп, ага Айыл чарба, тамак-аш, өнөй жай жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов баш болгон чиновниктер, жергиликтүү дыйкандар катышты. Быйыл өлкө боюнча буудайлар Кадамжайда биринчи бышып, аларды оруу иштери башталды.