Кечээ, 19- апрель күнү, Ош шаарындагы Жаштар эс алуу багында “Кадыр түн тосуу” кечеси өткөрүлдү. Майрамдык иш чарага “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык салтанатка келген коноктор катышып, кыргыз элинин каада-салты, ыр бийлери көрсөтүлдү. Кечеге катышкан коноктор жакшы максат менен жасалып жаткан сүмөлөктүн даярдалуусуна күбө болушту.