Буранада туристерге Нооруз майрамы ѳткѳрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 216
 
Опубликовано 20 Марта 2019, 14:00

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылындагы музйеде Нооруз майрамы белгиленди. Ага атайын туристер чакыртылып, конок болушту. Бул боюнча аймактык кабарчыга Чүй райондук маданият үйүнѳн билдиришти.
«Майрамдык салтанаттын максаты Нооруз майрамын туристтерге тааныштырып, кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салттарын кѳрсѳтү жана аны жайылтуу. Чүй райондук маданият бѳлүмү менен биргеликте Буран музейинин эмгек жамааты, студентер, Бурана айылынын окуучулары тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланып, умай эне аластап, кыдыр ата батасын берди. Ошондой эле Бурана музейинин кызматкерлери даярдаган сүмѳлѳк, гѳжѳ келген коногктор таратылып, даамдап кѳрүштү.
Майрамдык иш-чарага жалпысынан 300дѳй киши катышты.