Баткендеги чыр: ИИМ Ак-Сайдагы окуялар боюнча 7 кылмыш иш козгоду

turmush
Скачать
Просмотров: 152
 
Опубликовано 20 Марта 2019, 10:28

Бүгүн, 20-мартта ИИМ жетекчисинин орун басары Мирлан Каниметов 13-14-мартта Баткендин Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырында жаракат алган адамдардан кабар алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, Баткен облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө октон жаракат алган 3 адам, хирургия бөлүмүндө дагы бир адам жатат.
Дарыгерлердин айтымында, алардын абалдары туруктуу. Бирөөсүнүн абалы оор бойдон калууда.

Каниметов Ак-Сайдагы окуялар боюнча ИИМ тарабынан 7 кылмыш иш козголгондугун билдирди.
«13-14-марттагы чыр-чатак боюнча Баткен ОИИБ жана Тажикстандын Согдий ОИИБи тарабынан күчөтүлгөн тартипте жумуш жүргүзүлүп жатат. Биз тараптан 7 кылмыш иш козголду», - деди ал.