Баткендеги чыр: Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим комментарий берди

turmush
Скачать
Просмотров: 2719
 
Опубликовано 18 Марта 2019, 18:17

Бүгүн, 18-мартта Баткенде Ак-Сайдагы окуялар боюнча кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн 2 тараптуу сүйлөшүүсү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун айтымында, 2 тарап тең өзүнүн кызыкчылыгын коргоп, бир келишимге келди. Протоколго кол коюлду. Эми Ак-Сай—Тамдык жолу курулат. Жолдордо шлагбаум, жол тоскондор болбойт. Ошол жолдорду милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Тажик эли да, кыргыз эли да эркин өтөт. Тосулган жолдор ачылат. Ошол эле учурда тажик тараптын дагы Ак-Сайга кетүүчү жолу курулат. Ок атуудан жарадар болгон, каза болгондор боюнча 2 тараптын прокуратурасы иш алып барат.

Ошондой эле бүгүнтөн тарта Исфара—Ворух (Тажикстан) жана Баткен—Лейлек (Кыргызстан) жолу ачылат.
Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим:
«Чек ара маселелери өтө маанилүү маселе. Ошондуктан мен комментарий бербей турдум. Биз сиздерге объективдүү информация бергибиз келет. Бирок кандайдыр бир конкреттүү чечим жокто карманып туруш керек. Себеби пресса дагы адамдарга чоң таасир бере алат. Алар карап чыгып, тигил же бул тарапка бир нерсе айткылары келет. Бирок бул дайыма иштин пайдасына дал келе бербейт. Азыр бардык тараптар кол койгон протоколду көрүп турасыңар.
1. Биз прокуратурага алар бул окуялардын күнөөлүүлөрүн табышын тапшырдык. Бул өтө маанилүү. Адамдардын өмүрү кыйылды. Ар биринин 3төн балдары калды. Бул келечекте дагы кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр табылып жазасын алышы керек.
2. Бул жол жалпы пайдаланылган жол болгондутан анда милиция кызматкерлеринен дайыма иштей турган патрул уюштурмак болдук. Ал патрул биргелешкен патрул болот.
3. Исфара-Ворух жолундагы бардык тоскоолдуктар алынат. Ал жакта эч кандай шлагбаум, бетондор, таштар болбойт. Жол милициянын көзөмөлүндө болот.
4. Жолдордун курулушу. Бул жактан Көк-Сайга (Кыргызстан), Кожокан (Тажикстан кеткен жол 2019-жылдын ичинде асфальтталат. Бул жол Тажикстандын Ворухта (анклав) жашаган жарандарына унаа менен же жөө эч кандай кооптонуусуз каттаганга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Ак-Сайга кеткен жол дагы асфальтталат.
Дагы бир жол Ак-Сай-Тамдык боюнча биз келишкен дагы бир деталь бар. Ал жакта жайлоого чейин мал айдап өтүү үчүн жолду пайдаланат. Айрым маалыматтарга 65 миңге чейин мал өтөт.
Жалпысынан ушундай келишим болду. Эң башкы шарт — 2 тарап тең өздөрүнө алган милдеттерди так аткарышы керек. Ак-Сай-Тамдык жолу (Кыргызстан) менен Кожокан-Хожо Ола (Тажикстан) жолунун курулуштары бир мезгилде башталат. Ал жакта да бул жакта техникалар иштейт. Бул элди тынчтандыруу үчүн өтө маанилүү. Облус жетекчилери протоколдун ар бир пунктунун аткарылышын көзөмөлгө алышат», - деди ал.