Баткендин Ак-Сай айылындагы тургунда чек арачылар ыраазычылык айтып жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 3032
 
Опубликовано 15 Марта 2019, 18:16

Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары коопсуздукту сактоодогу иштери үчүн Замирбек Мийзаев башында турган чек арачыларга ыраазычылык билдиришти.

Алардын айтымында, чек арачылар өмүрүнө коркунуч жаралган учурда да элди тынчтандырып, коопсуздукту көзөмөлдөп жүрүштү.

«13-мартта кыргыз-тажик чек арасында аябай жаман кырдаал пайда болду. Тажикстандын Ворух анклавында 42 миң адам жашайт. Бизде болсо (Ак-Сайда) ашып кетсе 3 миң. Бирок аябай белгилеп кетчү нерсе биздин чек арачылар 13-марттан бери күнү-түнү элдин коопсуздугун камсыз кылып жатат. Мен аларга элдин атынан ыраазычылык билдирем. Эл дагы көрүп турат. Бул балдар чек араны кашык каным калганча дегендей коргоп жатышат. Чек арачылар бар коркунуч жок турабыз. Эл чек арачылар менен бир муштум болуп турат. Эгер негативдүү маалымат угуп калсак дароо чек арачыларга билдиребиз. Чек арачылар өздөрүнүн милдеттерин так аткарып жатышат», - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми №2022 аскер бөлүктүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жаткандыгын, азыр эч кандай коркунуч жок экендигин билдирди.

«Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат. 13-марттага чыр-чатактан улам ушундай чечимге келгенбиз. Кечээги таш ыргытышуулардан унаалар, үйлөр жабыр тартты. Азыр жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ак-Сай, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарынын жашоочулары эч кандай кам санабаса болот. Себеби биз бардык жерлерге жетиштүү күчтөрдү алып келип, чек арага аскерлерди койдук. Аскерлер жогорду аталган айылдардын бардык чек арасын кайтарып турушат», - деди ал.