Ак-Сайда 2 адам жаракат алды: Жамбашка жана колго ок жеген милиционер менен тургундун учурдагы абалы

turmush
Скачать
Просмотров: 7258
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 21:09

Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылды. Анын кесепетинен эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген, деп билдирди аймактык кабарчы.
Жаракат алгандардын бири Акылбек үйүнөн чыгып, тополоң болгон жерге барган учурда сол колуна ок тийген. Ал айылдык ФАПтан биринчи медициналык жардам алып, андан кийин Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сынактар бөлүмүнө кайрылган. Ал жерде дарыгерлер керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатат.
“Атым Акылбек. Ак-Сайдан болобуз.Чек арага жакын жашайбыз.Тополоң болгондо чуркап чыктым. Ошол маалда мылтыктын үнү чыгып, ок колума тийди. Дароо №1 ФАПка телефон чалдык”, - деди ал.
Ошондой эле, 1994-жылы туулган Улукбек Жаныкулов аттуу милиция кызматкеринин жамбашына ок тийген.
Ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жатканда жаракат алган.

Милиция кызматкери тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сынактар бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган. Учурда Улукбек жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, анда наркоз тарай элек.