Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыкты. Адамдар топтолуп жатат. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 24366
 
Опубликовано 13 Марта 2019, 19:18

Бүгүн, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптын адамдары келип таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышты. Жолго 2 техника барса тажик тарап, бирөөсүн иштетишпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп унаанын айнегин сындырган. Эки тараптан эл топтолуп, бир-бирине таш ыргытуулар орун алды. Чек арачыларды абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катары асманга ок атты.

Чыр чыккан жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдары да жүрөт. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти.