Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Турсункулов күлүктөрдү багып, дыйканчылык, багбанчылык кылып миллионго жакын киреше табууда

turmush
Скачать
Просмотров: 615
 
Опубликовано 18 Февраля 2019, 13:27

Кара-Буура районунун Көк-Сай айылын 50 жаштагы тургуну Абдымалик Турсункулов көк бөрүгө түшө турган 3 күлүк багып жатат. Аймактык кабарчы саяпкерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, жылкыларга бала кезинен эле кызыгат. Жаш кезинен бери көк бөрү чабат.
«1991-жылдан бери мал багып, өзүнчө тиричилигимди кылып жатам. Асыл тукумдууларды айылдардан эле алып таптайм. Учурда үйдө асыл тукум 3 жылкы багып жатам. Кез-кезде көк бөрү оюндарына алып чыгып турам. Азыркы учурда 5 жаштагы жылкым бар. Ал бойлуу салмактуу болгондуктан балдарым Икарус деп ат коюп коюшкан.
1-2 жыл күчкө толтуруп анан чоң мелдештерге чыгарып баштайм. Калган экөөсүн оюндарга чыгарып жүрүшөт. Кичүү балам Нуржигит көк бөрүгө көп кызыгат. Ал бирөөсүн минип оюндарга жаңыдан катышып баштады.
Атыңды улакчылар мини оюнга катышып жатса алардын ойногонун, атыңды карап кызыгып отурасың (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары жандык мал да багат. Дыйканчылык менен да алектенет.

«Майда жандыктарым алар тоодо жүрөт. Үйдө бир ичкен-жегенге кичине кой багып отурам. Тоодо 100дөй коюм бар. Өзүмдүн иним кой багат ошого кошуп койгом.

Андан тышкары багбанчылык , дыйканчылык менен дагы алектенем. Тоого жасмык (чечевица), 30-40 гектер жерге төө буурчак айдайм.
2014-жылы Таласка Европадан алма алынып келди дегенди угуп, 2015-жылы 180 сомдон 850 түп көчөт сатып алып келип тиккем. Бардыгы 20 сотых жерге отургузулду.
2016-жылы түшүм берип баштады. Быйыл 4-5 тонна алма алдым
.
Түшүмдү сактоого кредитке атайын сактоочу муздаткыч алсакпы деген пландарым бар. Азыркы учурда алмаларды жерге үстүн жабып көмүп сактап жатабыз.
Төө буурчактан быйылкы жылы киреше жакшы болбой калды. Баасы арзан болуп миллионго жетпей калды.

Ишкер үй-бүлөдө 6 баланын атасы.