Айыл турмушу: 5 миңден ашык тоок баккан М.Надыров айына 300 миң сомго чейин киреше табууну пландоодо

turmush
Скачать
Просмотров: 8901
 
Опубликовано 17 Августа 2018, 17:24

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну Матиса Надыров 5 миңден ашык тоок багууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, тоок фермасынан 300 миң сомго чейин киреше табууну пландоодо. Былтыр 2 млн сомго жакын акча коротуп, тооккана куруп, Ош шаарынан 2500 тоок алып келген. Быйылкы жылы аны кеңейтип дагы 2700 тоок алып келип, тоокканасына кошумча имарат курду. Учурда күнүнө 4700гө жакын жумуртка алат. Аларды кошуна Тажикстанга, Баткендеги дүкөндөргө 6 сомдон сатышат. Тоокторго байытылган жогорку сапаттагы жемден беришет. Ай сайын 1 кг 30 сомдон болгон 18 тонна жем керектелет. Тоок багуу өтө кылдаттыкты талап кылгандыктан, аларга күн сайын жем-суусун өз убагында берип, бирдей температурада кармаганга аракет кылышат.

«20жылдан ашык убакыттан бери тоок багып келем. Былтыр балам Адилет бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, алар 700 тоок алып беришкен. Өзүбүз 1750 тоок алып, иштете баштадык. Айыл өкмөт 1 гектар жер бөлүп берип, 900 миң сом насыя алганга жардам берди. Учурда 5000ден ашык тоок бар. Жалпы бул жумушту түптөгөнгө 4 млн сомго жакын акча сарптадык. Тоокторду балам, келинчегим болуп үй-бүлөбүз менен карайбыз. Буйруса ай сайын 300 миң сомго чейин киреше табуу планыбыз бар», - деди Насыров.
Фермердин жумурткаларын той-маарекелерге, кафелерге да сатып алып кетишет.