Айыл турмушу: Кара-бууралык Э.Салжанов күнүнө 14 гектарга чейин төө буурчак жулуучу жабдык жасап иштетүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 2392
 
Опубликовано 15 Августа 2018, 02:47

Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 34 жаштагы тургуну Эрлан Салжанов төө буурчак жулуучу жабдык жасап, тракторго чиркеп иштете баштады. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын техникасы менен таанышып кайтты.

Устанын айтымында, аталган жабдыктын тетиктери ар кайсы жактан чогултулган.

«Айыл чарба техникалары менен 15 жылдан бери такай иштеп келем. Төө буурчак биздин Таласта көп эгилгендиктен акыркы 2-3 жылдан бери төө буурчак жула турган жабдык курап келе жаткам. Башында кыйынчылыктар болду. Темирлерди ар жактан чогулттум. Улам ойлонуп жасаганым ишке ашпай жатты. Биринчи 4 жөөктү бир жулуп кете турган кылып жасагам. Бирок ал улам бузулуп калып жаткан. Аны 2 жөөктү жула турган кылып кыскартып, тыкан кылып жасап чыктым. Быйыл май айында жасап бүтүп, ишке чыгардым. Төө буурчак күбүлбөй, жакшы жулунуп жатты. Бул жабдык трактрого кошулуп, эки четинде темирден бычактары болот. Алар төө буурчакты тамырынан кесип кетет. 2 күндөн кийин төө буурчакты оодарып, жыйнап алышат. Бүгүнкү күндө төө буурчак бышкан учур. Күнүнө бир эле жабдык 14 гектарга чейин төө буурчакты жулуп жатат. 1 гектарда 10 адам иштеп, ар бирине 500 сомдон, 1000 сомго чейин акы төлөнөт экен. Ага салыштырмалуу дыйкандар менен кеңешип, гектарына 3 миң сом деп арзаныраак баа койдук. Карапайым элге чоң женилдик болду деп эсептейм. Бир гектар жерди 1 саат ичинде бүтүрөт. Келечекте жерде жулунуп калган төө буурчакты өзү жыйнап, данын бөлө турган комбайн жасасам деген тилегим бар», - деди ал.

Уста жубайы Бактыгүл Түлөбердиева экөө 4 уул, 1 кыздын ата-энеси.