Ат-Башыда 400дой кишинин катышуусунда кымыз фестивалы болуп өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 617
 
Опубликовано 23 Июня 2018, 13:15

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ой Карагай жайлоосунда райондук деңгээлдеги "Кымыз фестивалы 2018" болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 20-июнь күнү Ат-Башы районунун Ой Карагай жайлоосунда райондук деңгээлдеги "Кымыз фестивалы 2018" болуп өтүп, ага жалпысынан 400 дөй адам катышышты. Кымыз фестивалда "Нак кымыз", "Бал кымыз", " Гүл кымыз" жана "Саамал кымыз" аттуу төрт номинация менен өтүп фестивалга жалпысынан 8 айыл өкмөтү катышышты. Түзүлгөн атайын комиссия ар бир кымызга өз бааларын беришип жыйынтыгында төрт номинацияга төрт айыл өкмөтү ээ болушту. Сыйлык ээлерине Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан атайын дипломдор жана 4000 сомдон болгон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары фестиваль ыр кесе , салттуу көрүнүштөр жана бука тартыш, аркан тартыш өңдүү улуттук оюн-зооктор менен коштолду.

Алмазбек Өмүрзаков