Ак-Талаа; Баетов айылынын башчыларына таза суу чыгарылып берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 190
 
Опубликовано 23 Апреля 2024, 12:11

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын Кара-Суу чөлкөмүндөгү малчыларга таза суу чыгарылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

"Баетов таза аймак" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Медер Асаналы уулунун айтымында, Кара-Суу чөлкөмүнүн оозунан тарта Күйгөн-Өтөк чөлкөмүнө чейинки аралыктагы жер алдынан чыгуучу таза суу түзүмү же тактап айтканда союздан калган каптаж тазаланып, оңдолду.

"Союз учурунда пайдаланылып келип, кийин жараксыз абалга кептелип, суу чыкпай калган эски каптажды оңдолду. Аталган чөлкөмдөгү малчылар каптажды оңдоп берүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал жерде бери дегенде 7 малчы жашайт. Малчылар күйүүчү майын камсыздап беришти. Биз жайыт комитети менен бергиликте муниципалдык ишкананын техникалары менен каптажды оңдоодон өткөрүп, малчылар жана алардын малы үчүн таза суу чыгарып бердик", - деди М.Асаналы уулу.

--
Отправлено из Mail.ru для Android